Кыргызстандык жаранды сабаган казакстандык мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Казакстандын укуктук статистика жана атайын эсепке алуу органдарынын расмий порталында маалымдалат.
Шуменовго 22-июлда издөө жарыялаган.
Эске салсак, Астанада бокс боюнча дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов кыргызстандык жаранды сабаган видео социалдык тармактарда тараган. Окуя 18-июнда болгон. Казакстандын ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сабаган адам казакстандык белгилүү мушкер Бейбут Шуменов экенин кабарлаган.