• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

16 жаштагы Малика Баатырова изделүүдө

9 Бештин айы 202417:31 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Т.М., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 2008-жылы туулган, жашы жете элек Баатырова Малика Калыбековна аттуу кызын издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Себеби, ал 2024-жылдын 8-декабрь күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунун Мыскал көчөсүндө жайгашкан үйүнөн ГУМ соода борборуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз. Бул тууралуу Биринчи РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө белгилери: чачы кочкул-күрөң түстө ийинден ылдый, көзү кара-күрөң, орто бойлуу 165-170 см.

Кийген кийимдери: ак түстүү кышкы кыска курта, кара шым, кара бут кийим, күрөң түстөгү шарф.

Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору! Эгерде сизде дайынсыз жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз 0312 56-60-43, 0312 56-32-48, 996 (509) 72-35-79 или 0312 62-01-03 ошондой эле 102 кыска номуруна кабарлоону өтүнөбүз.

Количество просмотров: 409