• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 18 жаштагы кызды автобус сүзүп кетти

7 Тогуздун айы 202411:17 Бишкек Govori.TV


Бишкекте жүргүнчү өтө турган жол чийининен автобус бир кызды сүзүп кетти. Бул жол кырсыгынын видеосу социалдык тармакка тараган. Видеодо автобус Чүй проспектисинде турат. Ал эми андан анча алыс эмес жерде кыз жатат.

Жол кырсыгы 7-октябрда саат тогуздар чамасында Чүй проспектисинде катталган.

18 жаштагы кыз жол чийининен өтүп бара жатканда аны автобус сүзгөн. Жабырлануучу катуу жабыркап аны ооруканага алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кабыргалары сынып, ички органдары катуу жабыркаган жана көп кан жоготкон. Автобустун айдоочусун укук коргоо кызматкерлери алып кетишти, ал эми унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Количество просмотров: 598