Бишкекте дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыгышты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз ооруканага кайрылган. Дарыгерлер анын ашказанына операция жасап, 4 килограммдай чач алып чыгышкан.
Операция ийгиликтүү аяктап, кыз ооруканадан чыкканы кошумчаланды.