• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкектеги 2 мектептин окуучуларынан COVID-19 аныкталды

24 Үчтүн айы 2021 20:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кадимки тартипте окуу башталган 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вирус аныкталган класстардын бардык окуучулары 2 жума онлайн окушат. Ал эми мугалимдер ПЦР тест тапшырууга жөнөтүлгөн.

«Урматтуу ата-энелер, эгерде үй-бүлө мүчөлөрүндө коронавирус илдети менен ооругандар болсо же оору белгилери байкалып жатса ПЦР тесттен өтүп, балдарыңыз вирусту ташып жүрүүчү эмес экенине ынынууңуздарды өтүнөбүз! Сөзсүз түрдө мектептин администрациясына кабарлап, бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана балаңызды мектепке жибериңиз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74