• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 2 стационар жабылмай болду

3 Баш оона 20209:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы айрым күндүзгү стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайгандыктан эки күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-августта күндүзгү стационарлар 1 миң 176 адам,ал эми 2-августка караган түнү 192 адам кайрылып, адам өлүмү катталган эмес.

“Чыгымдарды оптималдаштыруу жана адам ресурстарын күзгү-кышкы мезгилге сактоо үчүн жарандар өтө аз кайрылып жаткан “Сейтек” мектебиндеги жана “Салтанат” ресторанындагы стационарлар жабылды. Ал эми № 95 мектептеги жана Жал кичи районундагы дарылоо мекемеси эртең ишин токтотот. Алар запаста болуп турат, кокустан муктаждык жаралса дароо ачылат”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, калган стационарлар штаттык режимде иштейт. Учурда борбордо 12 стационар бар.

Количество просмотров: 128