Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
16-майга караган түнү Бишкек шаарынын Жумабеков менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан 2 адам жаракат алды. Окуя бүгүн түнкү саат 00:43 чамасында болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Ж.нын башкаруусундагы «Тойота Эстима» батыш тарапка бара жатып, «Тойота Виш» унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинин «Тойота Эстима» оодарылып кетип, айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилди.
Жол кырсык боюнча материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаалар айып короого киргизилди.