• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте 20-21-мартта азык-түлүк жарманкеси өтөт

18 Жалган куран 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке үстүбүздөгү жылдын 20-21-мартында өтөт.

Жарманке өтчү даректер:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н.Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.

Алдыдагы жарманкедеги продукциялардын баалары:

  • Уй эти — 390-405 сом
  • Жылкы эти — 380-390 сом
  • Кой эти — 400-405 сом
  • Тоок эти — 200-210 сом
  • “Царь” суу майы — 130-132 сом
  • “Лучазерное” өсүмдүк майы — 130-132 сом
  • “Ласка” өсүмдүк майы — 130 сом
  • Фирма жумурткасы — 75-85 сом
  • Үй жумурткасы — 90-95 сом
  • Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом
  • Алма — 30-60 сом
  • Сабиз — 10-15 сом
  • Картошка — 22-27 сом
  • Пияз — 14-16 сом
  • Ун — 27-38 сом
Количество просмотров: 110