• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте 20дан ашуун мончо текшерилди

13 Аяк оона 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бир жуманын ичинде 20дан ашык мончо текшерилди. Алардын ичинде «Дем», «Сохо», «Альбатрос», «Бодрость» сыяктуу мончолор бар. Текшерүүнүн жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган жок.

Бирок, Ахунбаев көчөсү, 14/2 дарегиндеги “Датка” мончосунун айланасында тазалык эрежелери сакталбаганы катталган. Инспекция тарабынан мончого 13 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле текшерүү учурунда зыяндуу заттарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Количество просмотров: 81