Бишкекте толук курулуп бүтө элек сегиз кабаттуу үйдөн 22 жаштагы жигит кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ маалымдады.
Окуя тууралуу маалымат Ленин РИИБине кечээ, 11-июнда болжол менен саат 14:51де келип түшкөн. Анда белгисиз адам шаардагы Масалиев көчөсүндөгү курулушу аяктай элек көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөнү айтылган. Милиция кызматкерлери күбөлөр аркылуу 1998-жылы туулган жигит 8-кабаттан кулап кеткенин билишкен. Ал ошол имаратта курулушчу болуп иштеген.
«Курулушчу жигит бийиктиктен кулаганда алган жаракатынан улам жеринде көз жумган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.