Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан жаш кыз жаракат алды. Окуя бүгүн, 10-январда саат 08:20 чамаларында болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Тойота Альтеза» унаасы 1996-жылы төрөлгөн кызды сүзүп кеткен. Болжолдуу маалымат боюнча, ал жөө адамдардын өтмөгүнөн өткөн эмес.
Унаа айып аянтчасына токтотулуп, жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Ал эми топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.