• Шейшемби 2 Жалган куран 2021

Бишкекте 25 жаштагы кыз телефон уурдоого шектелип кармалды

11 февраля 2021 в 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 25 жаштагы кыз телефон уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-февралда милицияга Д. Сяопин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде балдар урушуп жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1988-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги кафелердин биринен арыз ээсинин 16 миң сомдук чөнтөк телефонун жашыруун түрдө белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги жазылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 191