• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт

6 Жалган куран 202516:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 7-8-9-март күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Количество просмотров: 254