• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Бишкекте 3 күндө 1 миң тонна таштанды чыгарылды

1 августа 2022 в 12:03 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин Свердлов жана Ленин райондорунда акыркы 3 күндүн ичинде 1 миң тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, санитардык тазалоо иштерине 30дан ашык атайын техника жана 60 жүктөгүч тартылса, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга 25тен ашык атайын техника жана 55 жүктөгүч тартылды.

«Ошондой эле Биринчи май районунда пилоттук долбоордун алкагында «ЭкоПроф» ишканасына тиешелүү 8 атайын техника линияда иштеп жатат. Ишкана Азовская, Турусбеков, Тоголок Молдо, Манас, Турусбеков, Васильев, Кара-Балтинская, Березовая көчөлөрүнөн жана “Түштүк-2”, “Достук” кичирайондорунда жана “Көлмө”, “Касым”, “Ак-Босого”, “Маданият” жаңы конуштарынан 150 тоннадан ашык таштанды чыгарды», — деп белгилешти мэриядан.

Эске салсак, катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Количество просмотров: 121

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда