• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 3 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

29 Бирдин айы 20249:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 3 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 28-февраль күнү орун алып, өрт борбор калаанын Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 21:27де толук өчүрүлүп, турак үйдөн 5 адам эвакуацияланган. Абалдары туруктуу.

Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн чатырынын болжол менен 170 чарчы метри өрттөнгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 166