• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 3 унаа кагышты. Жабыркагандар бар

24 Аяк оона 202010:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин районунда үч жеңил унаа сүзүшүп, 3 жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кырсык 23-сентябрь күнү саат 09:05те Чортеков жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки Тойота Камри жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркады. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 546