• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте 31 жаштагы кишини аёосуз сабаганга шектүүлөр издөөгө алынды

3 Аяк оона 2019 13:32 Бишкек Govori.TV

Милиция адам өлтүрүүгө аракет кылды деген жарандарды издөөгө алды. Бул тууралуу ШИИБ билдирди. 

Эске салсак, буга чейин мыкаачылык менен сабалып жаткан адамдын видеосу интернетке жарыяланган эле. Анда эки киши бирөөнү катуу сабап жатканы көрүүгө болот.

2019-жылдын 28-августунда Ленин райондук милициясына Д.М. аттуу аял киши кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супермаркетинин жанында күйөөсүн сабап, из жашырып кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ур-тепкиден жаракат алган 31 жаштагы жабырлануучуну тез жардам Улуттук госпиталга алып кеткен.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин («Саламаттыкка оор залака келтирүү») негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жабырлануучунун бет сөөгү сынып, дене бою көгала болгон. Бул факты дагы «Бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.

Иликтөө учурунда Ленин РИИБдин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 34 жаштагы Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович табылды.

31-август күнү иш Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине өзгөртүлүп, шектүүлөрдүн ата-энелерине балдарынын аталган кылмышка тиешеси болушу мүмкүн делген билдирмелер тапшырылган.

Ушу тапта иликтөө иштери уланып, шектүүлөр изделүүдө.

Милиция эгер жогоруда аты аталгандар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 43