• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Бишкекте 34 млн. сом уурдоого шектелген жаран кармалды

18 Теке 20249:57 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда милицияга шаар тургуну кайрылып, үйүнөн 34 млн. сом акчасын уурдатканын айтып, арыз жазган. Бул факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Шектүү катары 28 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндө 4 млн 386 миң сом табылган. Учурда тергөө жүрүп, иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 152