• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте 39 бала бакча салттуу режимде иш алып барууда

24 Бештин айы 202011:45 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте 39 бала бакча салттуу режимде иш алып барууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалардын ачылышы ошол жердеги эпидкырдаалга байланыштуу болот.

«Учурда өлкөдө 362 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштөөдө. Алар Нарын шаарында бир, Жети-Өгүздө бир, Каракол шаарында 6, Баткен шаарында 5, Кызыл-Кыяда 4, Лейлекте 9, Кадамжайда 2, Аламүдүндө 17, Жайылда 3, Сокулукта 4, Ысык-Атада 9, Токмокто 9, Араванда 8, кара-Сууда 13, Жалал-Абад шаарында 14, Сузакта 2, Ак-Сууда бир, Ноокенде 5, Ош шаарында 20 бала бакча салттуу режимде иштөөдө», — дейт ал.

Жусупбекова эпидемиологиялык кырдаал кооптуу болгон аймактардагы ата-энелерди балдарын үйдө калтырууга чакырат.

Количество просмотров: 46