• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 4 автобус каттамы убактылуу өзгөртүлдү

2 Чын куран 20269:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 4 автобус каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустар Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу каттамын өзгөрттү.

№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.

Мэрия шаар тургундарына убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарын алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Количество просмотров: 165