• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте 4 көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда

27 Теке 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 4 көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штаб болуп өттү.

Штабдын мүчөлөрү Панфилов, Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсүнүн Горькийден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин талкуулады. Бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин кылдаттык менен изилдөө үчүн жеринде биргелешкен кеңешмени уюштуруу чечими кабыл алынды.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык кызматтарга жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгын көйгөйлөрүн чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жана коомдук транспортту жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 181