• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте 4 саатта ВИЧке кабылган 5 адам аныкталды

24 Бугу 201916:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Бишкектин базарларында 4 сааттын ичинде ВИЧке кабылган беш адам аныкталды.

Бүгүн, 24-майда, борбор калаадагы «Орто-Сай», «Ош» жана «Аламүдүн» базарларында каалоочулар ВИЧ тестирлөөдөн өтүп жатышат. Демилгени СПИД республикалык борбору менен ассоциация көтөрүп чыккан.

«Саат 11.00дө ыктыярчылар базардагы адамдарды тесттен өтүүгө үндөштү. Тест 99,5 пайыз так жыйынтык чыгарат. Саат 14.00гө карата тесттен 300 киши өттү. Бир маалда эле «Орто-Сай» менен «Аламүдүн» базарынан экиден, «Ош» базарынан бир киши ВИЧке кабылганы боюнча маалымат түштү. Биз мындай жыйынтыкты төрт саатта эле алдык», — деди Султангазиев.

Эки жаранга консультация берилип, СПИД боюнча шаардык борборго жөнөтүлдү.

«Шок болуп жатам. 300дү 5ке бөлсөк, 2 пайызды түзүп жатат. Эгер калктын эки пайызы ВИЧ болсо, толук кандуу эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болот», — деди адис.

СПИД боюнча республикалык борбор тестирлөөнүн жыйынтыгын такташат. Султангазиев эгер маалыматтар тастыкталса, мамлекеттик аппарат саламаттык сактоо системасындагы көптөгөн программаларды кайра карап чыгышы керектигин кошумчалады.

Булак: Sputnik

Количество просмотров: 16