• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 4 унаа кагышып, бир унаанын айдоочусу каза болду

4 Бирдин айы 202016:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Аалы Токомбаев проспектиси менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты. Кырсыктан кийинки видео «Короче» Telegram каналына жүктөлдү.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-февралда саат 15:00 чамасында катталган.

Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кырсык катталганын ырастады.

«Жол кырсык 4 унаанын катышуусунда болуп, анда жүргүнчү ташыган Мерседес Бенц, Мерседес Бенц С-класстагы жеңил унаа, Хонда Фит жана Тойота Ист унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир унаанын айдоочусу каза болуп, 3 адам жаракат алды. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди Кайгуул милициясынын маалымат кызматы.

Количество просмотров: 1580