• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте №5,14 жана №11 каттамдагы троллейбустар убактылуу токтоду 

1 Теке 2020 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №5,14 жана №11 каттамдагы троллейбустар убактылуу токтоду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Манас проспектисинде жол кырсыгы катталган, анда жеңил автоунаанын (таксинин) айдоочусу троллейбустук тосмону кулаткан.

«Аталган участок аркылуу №5,11 жана №14 каттамдагы троллейбус жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми линиялар калыбына келтирилип, тосмо азырынча алына элек. Буга байланыштуу түндүк багытты карай жүргөн троллейбустардын иши убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 149