• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте 5-кабаттан секирмей болгон кыз куткарылды

7 Бугу 2019 12:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн балконунун сыртына чыгып алган кызды куткарып калышты. Бул окуяны фейсбуктун колдонуучусу видеого тартып калган.

Видеодо көрүнүп тургандай үйдүн төртүнчү же бешинчи кабатында турган кызга бирөөлөр жардам берип чыгарганга аракет кылышып, алардын аракетинен майнап чыккан эмес.

Кийинки видеодо көрүнүп тургандай, куткаруучулар кызды ылдый алып түшүшкөн. Окуяны карап турган эл куткаруучуларды алкап, «азаматтар» деп айтканы угулат.

Болжол менен бул окуя Москва — Ибраимов көчөсүндө болгон. Кыздын ал жерге эмне себептен чыгып кеткени азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 4