• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 6-кабаттан 2 жаштагы кыз кулап кетти

26 Жалган куран 20219:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетти. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 март күнү саат 18:04 чамасында №3 шаардык балдар ооруканасынан 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда 2 жашар кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен.

Кырсык Бишкектин Чүй кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, кыз 2019-жылы туулганын аныкташкан. Наристе жандандыруу бөлүмүндө.

Количество просмотров: 438