• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3 кабаттан кулап кетти

4 Бугу 202116:19 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон.

«Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барды. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. аттуу кыз терезеден кулап кеткен. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 263