• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте 6 миң 980 бүтүрүүчү мектепти аяктады

25 Бугу 2021 17:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-майда борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мектептеринде 6 миң 980 бүтүрүүчүсүнө арналган жыйынтыктоочу класстык-сабак болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү куттуктаган.

Белгилүү болгондой пандемияга байланыштуу быйылкы окуу жылы бардык окуучулар жана ата-энелер үчүн башкача болду. Борбор калаадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроо алгоритмдерди, бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алуу менен оффлайн режиминде башталгыч класстын окуучуларынын катышуусуз ачык асман алдында өттү.

68 мектепте 11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу сабак оффлайн режиминде, 29 мектепте онлайн режиминде, ал эми 9-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу сабакты онлайн режиминде өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, быйыл Бишкек шаарында 6 миң 980 бүтүрүүчү, анын ичинен 185 окуучуу артыкчылык менен аяктап жатат, ал эми 9-классты 13 миң 431 окуучу аяктап, анын ичинен 377си артыкчылык күбөлүккө ээ болушат.

Количество просмотров: 105