27-майда саат 13:00 чамасында Бишкектин Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 6 автоунаа катышкан жол кырсык болгон. Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, «Хендай», «Мицубиси», «Хендай Соната», «Субару Легаси», «Хонда Фит» жана «Хонда Степвагон» унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Автоунаалар айып короого токтотулуп, окуянын чоо-жайы такталып жатат.