• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки мектептин кошулуусуна нааразы ата-энелер прокуратурага арызданышты

26 Баш оона 202417:27 Бишкек Govori.TV

№28 жана №70 мектептердин окуучуларынын ата-энелери аталган эки мектепти бириктирүү боюнча мэриянын чечимине байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына арыз беришкен.

Ата-энелер өз арызында көзөмөл органынан мэриянын билим берүү бөлүмүнүн иш-аракеттерине юридикалык баа берүүнү, ошондой эле эки мектепти бириктирүү боюнча №189 буйрукту жокко чыгаруу суранышкан.

«Мэриянын позициясы таң калтырат, булар эң чоң, белгилүү мектептер жана аларды бириктирүү чечими коомчулукта нааразылык жаратты. Буга карабастан биздин үнүбүз тийиштүү жактарга жеткен жок», — деп белгилешет ата-энелер.

Ата-энелер Бишкектин административдик сотуна дагы доо арыз менен кайрылышкан.

Эске сала кетсек, июль айынын башында жогорудагы эки мектеп бириктириле турганы белгилүү болгон. Мэрия мындай чечимди мектеп имараттарын эффективдүү пайдалануу менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 152