Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерине А.М. жараны кайрылып, ал мектептердин биринин дене тарбия мугалими сабак учурунда жашы жете элек кызына карата адепсиз аракеттерди жасаганын билдирген.
25-февраль күнү бул факты «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Милицияга 1955-жылы туулган дене тарбия мугалими И.А. алынып келинген, ал айыптарды четке кагууда.
Керектүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында юридикалык баа берилет, билдирилет маалыматта.
Мындан тышкары, милиция бул мугалимдин үстүнөн дагы бир нече арыз түшкөнүн кошумчалады.