• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте 8-кабаттан секирген адам каза тапты

6 Бугу 20199:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

5-май күнү Насирдин Исанов көчөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаран боюн таштап каза тапты. Бул маалыматты Бишкек шаардык ИИББ маалымат кызматы тастыктады.

Көп кабатуу үйдөн секирип кеткен жаранга Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери жана «Тез жардам» кызматы барган. Терезеден боюн таштаган жаран алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден жан берген. Маркум эмне себептен боюн таштаганы тууралуу иликтөө иштери жүрүп, учурда аты жөнү такталууда.

Кошумчалай кетсек, каргашалуу окуя боюнча маалымат милицияга 11:10 чамасында келип түшкөн.

Количество просмотров: 20