• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт

6 Тогуздун айы 20229:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

“Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.

Количество просмотров: 92