• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте 8 жаштагы баланы сүзүп, кетип калган айдоочу табылды

28 Үчтүн айы 2022 12:38 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден кеткени тууралуу маалымат тартатты.

Маалыматка ылайык, 26-январда саат 19:00дө Миррахимов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 8 жаштагы Г.Р. аттуу баланы сүзүп, окуя богон жерден кетип калган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген.

Кайгуул кызматы окуяга шектүүнү аныктаган, ал “Тойота Ранкс” унаасынын 19 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусу болуп, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 257