• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте 80 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат

20 Тогуздун айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына карата Бишкек шаарынын аймагында 80 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди.

Шамырканованын айтымында, анын ичинде 19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана 7 филиалдарында;

  • Шаардык студентер поликлиникасында;
  • спортук реабилитациялык борборунда;
  • Темир жол поликлиникасында;
  • Спецполиклиникада;
  • 11 жеке медициналык борборлорунда;
  • 10 билим берүү уюмдарында;
  • 20 дарыгерлер амбулаториясында;
  • 6 Соода борборлорунда;
  • “Ден-Соолук” паркында;
  • Ленин районунун Калкты тейлоо борборунда;
  • Свердлов районунун Калкты тейлоо борборунда.
Количество просмотров: 57