• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте 871 жол эреже бузуу аныкталды

21 Аяк оона 2020 10:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында 871 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө мыйзам бузган айдоочулар кармалган.

Алар:

  • Мас абалында унаа башкаруу – 33;
  • Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;
  • Документтери жок унаа башкаруу – 30;
  • Ар кандай эреже бузуулар – 802. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 51