• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте абал тынч, милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

16 Аяк оона 2022 22:44 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада абал тынч, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Бишкек шаарынын аймагында мыйзам бузуулар болгон жок, Бишкек шаардык милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүшүүдө. Бардык шаардык кызматтар графиктин негизинде жана штаттык режимде кызмат аткарууда.

«Урматтуу шаар тургундары, социалдык түйүндөрдөгү ар кандай чагымчыл малыматтарга көңүлүңүздөрдү бурбастан, расмий текшерилген так малыматтарга ишенүүгө чакырабыз.
Эгерде кандайдыр- бир тартип бузуулар же коркунучтуу жагдайларды байкасаңыздар дароо жакынкы милиция кызматкерлерине жана 102 ыкчам номуруна кабарлоону өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 69