Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23-май күнү саат 19: 26да Тоголок Молдо көчөсүндөгү «Пишпек» ресторанынын жанында эркек киши бычакталды деген чакыруу келип түшкөн.
Жерине барган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери бычактан алган жаракатынан улам каза болгон 50-55 жаштагы адамдын сөөгүн табышты.
Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Миллиция маркумдун өздүгүн тактады. Ал Жалал-Абад облусунда туулган, туруктуу жашаган жери жок адамдардын тизмесине киргизилген 1974-жылы туулган К.С. аттуу жаран.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шектүү катары 1973-жылы туулган К.Л. аттуу жаранды кармады. Ал Ысык-Көл облусунда туудган, мурда бир нече жолу соттолгон. Аял күнөөсүн мойнуна алып, киши өлтүргөн куралын кайда жашырганын көрсөттү.