• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте айдоочу аялга кол көтөргөн киши кармалды

30 Аяк оона 202118:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө айдоочу аялга кол салган эркек кишинин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымат боюнча, 28-сентябрда жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Соцтармакка тараган видеодо автоунаанын ичинде отурган аял кишиге сыртта турган эркек киши терезе аркылуу кол көтөрүп, жулмалап жатканын көрүүго болот.

Факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбашчылык») менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Денеге келтирилген жаракаттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Майда бейбашчылыкка айыпталган айдоочу — 1964-жылы туулган Э.Н. Биринчи май РИИБге жеткирилгени белгилүү болду.

Количество просмотров: 239