• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте айдоочу милициянын огунан жаракат алды

14 Тогуздун айы 2019 11:18 Бишкек Govori.TV

  

Бишкекте милиция кызматкерлери жол эрежесин бузуп, рулда уюлдук телефон менен сүйлөшүп бара жаткан айдоочуга ок чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрь күнү болжол менен саат 18:15 чамасында орун алган. Анда милиция кызматкерлери айдоочуну токтотууга аракет жасашкан. Бирок алардын аракетинен жыйынтык чыккан эмес.

Автоинспекторлор Лексус-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун телефон менен сүйлөшүп бара жатканынан улам, аны унааны токтотуусун өтүнгөн. Бирок айдоочу бейкапар, эскертүүгө карабай жолун улаган. Мындан улам автоинспекторлор аталган үлгүдөгү унаанын артынан кууп жөнөшкөн. Милиция кызматкерлери качып бара жаткан айдоочуну ашып өтүүгө аракет кылганы менен ал буга жол берген эмес. Мындан улам инспекторлор тарабынан алгач асманды көздөй эскертүү огу атылган. Айдоочу эскертүүлөрдү эске албай милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Мындан улам айдоочуга карата ок атылып, ал ооруканага жеткирилген. Унаа 1991-жылы туулган М.Х. аттуу жаранга таандык экени аныкталды, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 399