Бишкекте BMW X5 унаасынын дөңгөлөгү ачык кудукка түшүп, андан ары даракты сүзгөн. Бул тууралуу Милицициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
«Кечөө болжол менен саат 23:30 чамасында 1991-жылы туулган И. Б аттуу айдоочу БМВ Х-5 үлгүсүндөгү авто унаа менен Тыныстанов көчөсүнөн түндүктү көздөй бара жатып, Чүй көчөсүнө жетпей, унааны башкара албай жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон», — деп билдирди Милицициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу.
Ал кошумчалагандай, жол кырсыгынан эч ким жаракат алган жок.
Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.