• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

22 Тогуздун айы 20199:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-октябрда болжол менен 16:00 дор чамасында Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерден жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Айдоочу кармалып, унаа айып короосуна токтотулду. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 120