• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте айдоочу жол кайгуул кызматкерине кол көтөрдү (видео)

6 Бирдин айы 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу жол кыймылын көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерине айдоочу кол көтөрдү. Бул тууралуу видео интернет булактарына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда жол тыгында турган унаанын айдоочусу патрулдук милицияга кол көтөргөн.

Окуяга байланыштуу патрулдук милициянын басма сөз катчыслыгы учурда айдоочуга издөө жарыяланганын билдирди.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда айдоочуну издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдирет басма сөз катчылыгы.

Количество просмотров: 1498