• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан шектүү кармалды

4 Кулжа 202512:17 Бишкек Govori.TV

УКМКнын маалыматына караганда, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар чырдаша кетишкен. Бири травматикалык тапанчасын алып жаңжалдашкан кишилерди өлтүрөм деп коркуткан.

Милиция аны ошол эле жерден кармап, текшерүү учурунда жанынан башкача жыттанган ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.

Кылмыш иши козголуп, күч органдары анын үйүн тинткенде жашаган жеринен эки мылтык, жарым автоматтык ок атуучу курал жана ок-дары табылган.

Количество просмотров: 144