• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте айрым мектептер карантинге жабылды

17 Чын куран 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №67, №24 жана №17 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, аталган мектептин окуучуларынан жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталгандыктан, карантинге жабылып, аралыктан окууга өтүшкөн.

«№24 мектепте 2 окуучудан (4-9-класс) КОВИД-19 илдети аныкталган. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алышкан. №17 мектепте 2 окуучу (3 жана 4 класс) коронавирус илдетин туугандарынан жуктуруп алган. №67 мектепте бир мугалимден COVID-19 илдети аныкталган.

Жогорудагы жагдайга байланыштуу 3 мектеп карантинге жабылды. Ал эми окуучулар онлайн окуу форматында билим алууну уланта бермекчи», — деп жазылат мекеменин маалыматында.

17-апрелге карата борбор калаадагы жалпы 8 мектеп: № 28, 52, 32, 67, 10, 35, 13, 26, 63 мектептер аралыктан окууга өткөн.

Мындан тышкары №12 жана №93 бала бакчалар да онлайн окутуу форматына өтүштү.

Балдар же мугалимдерден илдет табылса, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, онлайн режимге толук өтүү ооруган бала же ооруган мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим эпидемиологдор тарабынан кабыл алынат.

Количество просмотров: 222