Бишкек шаарында айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Жарандар айыл чарба жана тамак-аш азыктарын (жумуртка, эт, сүт, жашылча ж.б.) өндүрүүчүнүн баасында, ортомчуларсыз сатып ала алса болот.