27-28-февралда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарманке саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:
Уй эти – 390-405 сом
Жылкы эти — 380-390 сом
Кой эти — 410 сом
Тоок эти — 190-200 сом
Суу май (раст масло) — 118-125 сом
Жумуртка 10 даана — 85-90 сом
Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом
Кум шекер — 56-57 сом
Күрүч — 55-60 сом
Алма — 30-50 сом
Сабиз — 10-12 сом
Картөшкө — 23-30 сом
Пияз — 15-16 сом.
Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:
Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Биринчи Май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.