Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя май айында Сухэ Батор көчөсүндө болгон. Асел (ысымы өзгөртүлдү) 18,5 миң долларга бааланган «Лексус ES250» автоунаасын сатып алууга келишип, акчасын кийинки күнү берүүнү убадалаган. Бирок каражатты убагында бербегендиктен жабырлануучу милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.
Алдамчылык фактысын иликтөө учурунда Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган Т.А. шектелип кармалды.