• Ишенби 6 Жалган куран 2021

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

19 февраля 2021 в 18:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 2020-жылдын башында жабырлануучуга киреше ала турганын айтып ишендирген. 532 миң 730 сом алгандан кийин качып кеткен.

“Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, алдамчылык беренеси менен иш башталган. Бул ишке шектелип 1979-жылы туулган М.Г. кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 847