Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 45 жаштагы аял кармалды. бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-январында Октябрь РИИБине Т.Ж. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган.
Арызда 2017-жылдын февраль айында шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип «Мега Трейд» каржы пирамидасы аркылуу каражатын көбөйтүп берем деген жүйө менен 420 миң сом акчасын алган. Андан кийин изин жашырып качып жүргөн.
«Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип, 1974-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аялдын 17 кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же кошумча маалымат билсе милиция кызматкерлерине байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(709) 249-900, 0(700) 669-664, 0(552) 777-784 же 102.